Чүй облусунун Аламүдүн районундагы үйлөрдүн биринде газ түтүгү жарылып,
турак жай толугу менен урап түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,
жарылуу ГЭС-2 айылындагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде катталды.
Андан 14 жашар бала каза тапты. Дагы бир адам ооруканага жеткирилди.
Абалы канааттандыраарлык. Жеринде тез жардам кызматы жана куткаруучулар иштеп жатат