Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулган акчанын көлөмү азайды.
Улуттук банктан билдиришкендей, 2020-жылы Кыргызстандан башка
мамлекеттерге которулган каражаттын көлөмү 488 миллион долларды түздү.
Бул 2019-жылга салыштырмалуу 12 пайызга төмөн. Анда кыргызстандыктар
чет өлкөгө 554,5 миллион доллар которушкан. Каражаттын
басымдуу бөлүгү Россияга жиберилген.