Ордо калаада ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу уланууда

Ордо калаада ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын кызматкерлери “Виноградный”, “Березовая роща” скверлерине, 7-апрель, Токомбаев, Малдыбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө иштерди жүргүзүштү. Жалпысынан аталган жерлерге 500 түп дарак тигилди. Иштер январдан бери уланууда.

Казакстан Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык жардам көрсөтөт

Казакстан Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык жардам көрсөтөт. Токтом долбоорду коңшу өлкөнүн Коргоо министрлиги иштеп чыкты. Документке ылайык, биздин өлкө реактивдүү снаряд, сигналдуу патрон жана башка жабдууларды алышы күтүлүүдө. Казакстан аскердик буюмдарды “Кой-Таш” калктуу түйүнүнө чейин жеткирип берет. Кошумчаласак, аскердик жардам кайтарымсыз негизде көрсөтүлөт.

Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинде коррупциялык схема аныкталды

Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинде коррупциялык схема аныкталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин жетекчилик кызматындагы адамдар материалдык кызыкчылыкты көздөп, Жеке курулуш компанияларга мамлекеттик буйрутмаларды аткарууга мүмкүнчүлүк берип, анын ордуна акча алып турушкан. Иликтөөнүн алкагында агенттиктин жогорку кызматтагы адамдары курулуш компаниянын… Кененирээк…

11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт

11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт. Анын 28и шаардык жана 420сы айылдык. БШКдан шайлоо өнөктүгү качан башталаарын айтып беришти. Такталгандай, башталуу мөөнөтү ар түрдүү. Шаардык кеңешке аттанган партиялар үчүн кампания 12-мартта старт алса, ал эми айылдык кеңештеги шайлоого катыша турган бир мандаттуу талапкерлер үчүн 22-мартта… Кененирээк…

Бишкекке жаз февралда эле келип алат

Бишкекке жаз февралда эле келип алат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, ордо калаада эртеңден тарта күн кескин жылыйт. Жаан-чачын басылат, туман тарап, күн чыгат.   Күндүз 15 градуска чейин жылыса, түнкүсүн дагы + көрсөткүчү сакталат. Ал эми 15-февралдан кийин Бишкекке чыныгы жаз келет. Күндүз аба табы 20… Кененирээк…

Ошто коомдук транспортто санитардык нормалардын сакталышына көзөмөл күчөтүлдү

  Ошто коомдук транспортто санитардык нормалардын сакталышына көзөмөл күчөтүлдү.   Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, бул билим берүү мекемелеринин ачылышына жана шаардагы элдин агымы көбөйгөнүнө байланыштуу.   Рейддердин алкагында коомдук транспорттогу антисепиктердин бар-жоктугу, беткап режиминин жана социалдык аралыктын сакталышы текшерилди. Талаптарды аткарбаган айдоочуларга эскертүү берилди.

COVAX программасынын алкагында коронавируска каршы вакцинанын биринчи партиясы Кыргызстанга мартта жеткирилет

COVAX программасынын алкагында коронавируска каршы вакцинанын биринчи партиясы Кыргызстанга мартта жеткирилет. Ал эми экинчи бөлүгү жылдын экинчи жарымында алынып келиши күтүлүүдө.   Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда жарыяланды. Премьер-министр Улукбек Марипов белгилегендей, калкты ыктыярдуу эмдөө сапаттуу жүргүзүлүп, биринчи кезекте мугалимдерди жана дарыгерлерди камтышы керек.   Андан… Кененирээк…

Шыкмаматов Инвестицияларды алдыга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигин жетектеди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болуп дайындалды. Бул маалыматты «Азаттыктын» өз булактары ырастады.   Шыкмаматов 10-январда өткөн президенттик шайлоо өнөктүгүндө Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеп турган. Ага чейин 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Бир Бол» партиясынан талапкер болгон.… Кененирээк…

Бишкекте 14-февраль, махабат күнүндө 22 жуп баш кошот

Бишкекте 14-февраль, махабат күнүндө 22 жуп баш кошот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанат Бакыт  үйүндө өтөт.   Ошол эле күнү Ош шаарында 8 жупту каттоо жүргүзүлөт.

Кыргызстандан башка мамлекеттерге которулган каражаттын жалпы көлөмү өткөн жылы 488 миллион долларды түздү

Кыргызстандан башка мамлекеттерге которулган каражаттын жалпы көлөмү өткөн жылы 488 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.   Бул жеке тараптардын акча которуу системасы аркылуу жасаган транзакциялары болуп саналат.  Ал эми 2019-жылы 554,6 миллион доллар каражат сыртка чыгарылып, рекорддук сумма катталган.