Бишкекте бильярддын «Айкалышкан пирамида» түрү боюнча эркектер жана аялдар арасында өлкө чемпионаты өтөт.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, турнирге көрүүчүлөр киргизилбейт.
Бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталат. Кий чеберлеринин таймашы 24-26-февраль
аралыгында ордо калаадагы Бильярд клубдарынын биринде өтөт.