Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Кыргызгидрометтен билдиришкендей, бүгүн, эртең күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу
Бишкек — Ош, Суусамыр – Талас — Тараз, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Казарман – Актал — Чат,
Арал — Миң-Куш, Ала-Бука – Жаңыбазар — Кировка жана Красная Горка — Ак-Таш унаа жолдорунда
кар массасы түшүшү күтүлөт. Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Кара-Гөө ашууларында жана Чычкан
капчыгайында кар көчкү түшүшү ыктымал, жолдордо муз тоңот.
Унаалар ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.