Ошто жер титиреди

Ош облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ кабарлады. Маалыматка ылайык, жер титирөө 11-февралга караган түнү саат 03:24тө катталган.   Жердин силкинүүсү Алай районунун Эркеч-Там, Нура, Икизяк айылдарында 3 балл, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин… Кененирээк…

Бишкек шаарынын прокурору болуп Марсбек Кыдыкбаев дайындалды

Бишкек шаарынын прокурору болуп Марсбек Кыдыкбаев дайындалды. Бул тууралуу Башкы көзөмөлдөөчү органдан билдиришти. Буйрукка башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койду.   Ордо калаанын буга чейинки прокурору Темирбек Бекмаматов өз каалоосу менен отставкага кеткен.

Кыргызстанда дагы 83 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 83 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 30, Ошто 10, Чүйдө 32, Таласта 1, Нарында 2, Ысык-Көлдө 2, Жалал-Абадда 6 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан коронавирусту 82 миң 6 адам жеңди.

Жаныбарлардын ээлери үчүн эң ыңгайлуу деп эсептелген Европанын шаарлары аныкталды

Жаныбарлардын ээлери үчүн эң ыңгайлуу деп эсептелген Европанын шаарлары аныкталды. Биринчи орунда Лондон жайгашты.   Адистердин баамында бул калаада жаныбарлар менен сейилдөөгө ыңгайлашкан атайын сейил бактар көп, ээлери жана алардын үй жаныбарлары үчүн ыңгайлуу коомдук транспорт бар.   Экинчи орунду алган Парижде үй жаныбарларынын сулуулук… Кененирээк…

Бишкекте жаңы сквер пайда болот

Бишкекте жаңы сквер пайда болот. Мэриянын басма-өз кызматынан билдиришкендей, эс алуу аймагы 6-кичи райондо жайында күйүп кеткен кафенин ордуна түзүлөт.   Бул максатта Сухэ-Батор – Юнусалиев көчөлөр кесилишинде мыйзамсыз орнотулган 18 жеңил объект алынды.

Жергиликтүү кеңешке шайлоолордун бюллетендери 22-мартка чейин бекитилиши керек

Жергиликтүү кеңешке шайлоолордун бюллетендери 22-мартка чейин бекитилиши керек. БШКдан билдиришкендей, ал эми документтерди даярдап, аларды аймактык шайлоо комиссияларына 1-апрелге чейин жеткирип берүү зарыл.   Шайлоого 2 күн калганда бюллетендер тилкелерге жеткирилет. Эске салсак, добуш берүү  11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште өтөт. Анын 28и шаардык кеңештер.

Түркия Айга ракета учурат

Түркия Айга ракета учурат. Аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган билдиргендей, Илон Маск жана анын SpaceX компаниясы менен кызматташуунун алкагында 2023-жылы орбитага гибриддүү ракета жиберилет.   Түркиянын президенти ошондой эле 10 стратегиялык максат тууралуу айтты. Алардын ичине түрк жаранын космоско илимий миссия менен жиберүү да… Кененирээк…

5-6-октябрдагы окуяларда “Ак үйгө” 230 миллион сомго зыян келтирилген

5-6-октябрдагы окуяларда “Ак үйгө” 230 миллион сомго зыян келтирилген. Бул алдын ала эсептөөлөр, атайын комиссия чыгымды эсептөөсүн улантууда, — деп “Азаттыка” Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакбур Исаев билдирди.   Анын айтымында, мекемелер аралык комиссиянын чечиминен кийин имаратты калыбына келтирүүгө каражат бюджеттен суралат.  … Кененирээк…

Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев камакка алынды

Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.   Эске салсак, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан түшкөн акчаны жеке компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өз максаттарына жумшаганы аныкталды.   Кечээ… Кененирээк…