Бишкекте күйүүчү майды мыйзамсыз сатуучуларды аныктоо уланууда

Бишкекте күйүүчү майды мыйзамсыз сатуучуларды аныктоо уланууда. Ордо калаа муниципалитетинен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө кайрадан Профсоюз көчөсүндө мыйзам бузуу катталды. Бул жерде бир катар эскертүү берилгенине карабай, өз алдынча түзүлгөн бензин сатуучу жай аныкталып, андан жарым тонна күйүүчү май тартып алынды. Андан тышкары, Абдрахманов – Киев… Кененирээк…

Өкмөт айрым категориядагы жарандарга акысыз ID-карта берүү ниетинде

Өкмөт айрым категориядагы жарандарга акысыз ID-карта берүү ниетинде. Улуттук өнөктүк 1-майдан 31-августка чейин жүргүзүлүшү күтүлүүдө, — дешти өкмөттүн басма сөз кызматынан. Маалыматка ылайык, мындай жеңилдик социалдык стабилдүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо планынын алкагында берилет. Андан тышкары, 2020-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду, электрондук айдоочулук күбөлүктөрдү жана… Кененирээк…

Аймактык шайлоо комиссияларына билдирүүлөрдү кабыл алуу бүгүн аяктайт

Аймактык шайлоо комиссияларына билдирүүлөрдү кабыл алуу бүгүн аяктайт. Кабыл алуу түн жарымга чейин жүргүзүлөт. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, 45 мандат үчүн 30 партия ат салышууга билдирүүсүн жиберди. Шайлоодо утуп чыккан саясий партиялар 4 жыл иштейт. Эске салсак, жергиликтүү кеңештерди шайлоо… Кененирээк…

Эстелик, монумент жана тарыхый мекемелерге алгачкы ирет QR –коддор орнотулат

Эстелик, монумент жана тарыхый мекемелерге алгачкы ирет QR –коддор орнотулат. Жаңычылдык Este.kg долбоору аркылуу алгач Бишкектеги, андан кийин өлкө боюнча тарыхый объектилерди камтуу пландалууда, — деди долбоордун демилгечиси Айбек Кыштообаев. Жарандар эстеликтеги штрих-кодду смартфон аркылуу сканерлеп тарыхый инсан тууралуу уникалдуу сүрөттөрдү жана баяндарды көрө алышат.… Кененирээк…

Өкмөт социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасын убактылуу көзөмөлдөө ниетинде

Өкмөт социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасын убактылуу көзөмөлдөө ниетинде. Токтом долбоор экономика жана каржы министрлиги тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечилер белгилешкендей, соода түйүндөрүндө сатылып жаткан өсүмдүк майы жана кумшекер көзөмөлдөөгө алынат. Өсүмдүк майынын наркы быйыл былтыркыга салыштырмалуу 62 пайызга кымбаттаса, кумшекердин баасы 46 пайызга көтөрүлдү. Бул… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. “Түндүкэлектрден” билдиришкендей, бүгүн таңкы саат 9дан кечки 6га чейин Лулумба, Астраханск, Алыкулов, Кайназаров, Товарный, Матросов, Скрябин, Медеров, Курманалиев, Киев, Осмонов, Тойгомбаев, Осмонкул, Сүйүмбаев, Күреңкеев жана Токтогул көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, 4-5-кичирайондордо, Арча-Бешик конушунда жарык жок болот. Убактылуу чектөөлөр ондоо иштерине байланыштуу.… Кененирээк…

Кыргызстандык балбандар 3 алтын медаль алып келди

Кыргызстандык балбандар 3 алтын медаль алып келди. Алар, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Үзүр Жусупбеков. Күрөш боюнча эл аралык турнир Киев шаарында кечээ жыйынтыкталды. Ага 33 өлкөдөн 600 спортчу ат салышты. Белгилеп кетсек, Айсулуу Тыныбекова учурда Дүйнө чемпиону. Ал бул наамга 2 жыл мурда Нур-Султан… Кененирээк…

Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун айрым бөлүгү жабылат

Ондоо иштерине байланыштуу Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун айрым бөлүгү жабылат. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, учурда иштер Бишкектин четинде жайгашкан унаа базарынын аймагында жүрүүдө. Андан улам Бишкек — Ош жана Кара-Балта багыты боюнча жолго чыккан айдоочуларга Западный көчөсүнөн Фучикке чейин  айланып… Кененирээк…

«Айыл чарбасын каржылоо-9» долбоорунун алкагында дыйкандарга арзандатылган насыя бериле баштады

«Айыл чарбасын каржылоо-9» долбоорунун алкагында дыйкандарга арзандатылган насыя бериле баштады. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аймактагы дыйкан, фермер, багбан жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү каалагандар 6 жана 10 пайыздык насыяларды 5 банктан алса болот. Бересени алуу мөөнөтү 5 жылга чейин. Белгилеп кетсек, аталган долбоор… Кененирээк…