Эстелик, монумент жана тарыхый мекемелерге алгачкы ирет QR –коддор орнотулат.
Жаңычылдык Este.kg долбоору аркылуу алгач Бишкектеги, андан кийин өлкө боюнча
тарыхый объектилерди камтуу пландалууда, — деди долбоордун демилгечиси Айбек Кыштообаев.
Жарандар эстеликтеги штрих-кодду смартфон аркылуу сканерлеп тарыхый инсан тууралуу
уникалдуу сүрөттөрдү жана баяндарды көрө алышат. Маалыматтар
кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү болот.