Өкмөт айрым категориядагы жарандарга акысыз ID-карта берүү ниетинде.
Улуттук өнөктүк 1-майдан 31-августка чейин жүргүзүлүшү күтүлүүдө, — дешти өкмөттүн
басма сөз кызматынан. Маалыматка ылайык, мындай жеңилдик социалдык
стабилдүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо планынын алкагында берилет.
Андан тышкары, 2020-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду, электрондук
айдоочулук күбөлүктөрдү жана унаа каражаттарын каттоо боюнча
электрондук күбөлүктөрдү ишке киргизүү пландалууда.