«Айыл чарбасын каржылоо-9» долбоорунун алкагында дыйкандарга арзандатылган насыя бериле баштады.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аймактагы дыйкан, фермер, багбан жана
айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү каалагандар 6 жана 10 пайыздык насыяларды 5 банктан алса болот.
Бересени алуу мөөнөтү 5 жылга чейин. Белгилеп кетсек, аталган долбоор 2013-жылдан бери иштеп келет.
Анын алкагында былтыр 3 миллиард 765 миллион сомдук жеңилдетилген насыя берилген.