Кыргызстанда күйүүчү материалдын баасы мартта дагы кымбаттоосун улантат

Кыргызстанда күйүүчү материалдын баасы мартта дагы кымбаттоосун улантат. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.   Анын айтымында, бензиндин бир литринин наркы 7-8 сомго көтөрүлүшү мүмкүн. Бул Россия заводдорунан дүңүнөн кое берилген күйүүчү майдын баасы кымбаттаганына байланыштуу.   Баалар кайра апрелде өз… Кененирээк…

Бишкекте алдыдагы 5 күндө аба-ырайы туруксуз болот

Бишкекте алдыдагы 5 күндө аба-ырайы туруксуз болот. Синоптиктер билдиришкендей, бүгүн ордо калаада +8 градус болсо, эртең +10го чейин жогорулайт, ал эми шаршембиде кар аралаш жаан жаап, суук болот, абанын табы +1 градустан көтөрүлбөйт. Бирок бейшембиде кайрадан күн чыгып, +12ге чейин жылыйт. Ал эми жумада кайрадан… Кененирээк…

Эл аралык Берлин кинофестивалы пандемиядан улам бүгүн онлайн форматта старт алат

Эл аралык Берлин кинофестивалы пандемиядан улам бүгүн онлайн форматта старт алат. Тасмалар 5-мартка чейин бир гана индустриянын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө көрсөтүлөт, — деп билдирет “Интерфакс”. Ал эми бардык көрүүчүлөр июнда назар сала алышат.

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. 3-мартка чейин Бишкек – Ош, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Красная Горка – Ак-Таш, Арал – Миң-Куш, Каракол – Эңилчек жана Казарман – Актал-Чат унаа жолдорунда кар массалыры түшүшү күтүлөт. Аталган тилкелерге… Кененирээк…

ЕАЭБ чек арасында ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл жүргүзүүгө тыюу салынды

ЕАЭБ чек арасында ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл жүргүзүүгө тыюу салынды. Өкмөттөн билдиришкендей, тиешелүү токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Ага ылайык, мындан ары товарды коштоочу документтерге аталган көзөмөлдөн өткөндүгү тууралуу маалым кат талап кылынбайт. Чечим расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстанга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул маалыматты «Азаттык» радиосуна мамлекет башчынын басма сөз кызматы тастыктады. Ага ылайык, бул — Садыр Жапаровдун президент катары чет мамлекетке алгачкы расмий сапары. Президент Жапаров чет өлкөгө алгачкы иш сапарын Орусиядан баштаган. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев… Кененирээк…

Кыргызстан 2023-жылга чейин тышкы карызды төлөөгө 123 миллиард 142 миллион сом жумшоо ниетинде

Кыргызстан 2023-жылга чейин тышкы карызды төлөөгө 123 миллиард 142 миллион сом жумшоо ниетинде. Бул тууралуу өлкөнүн болжолдуу бекитилген бюджетинде айтылат. Ага караганда, быйыл береселерге 37 миллиард сом, кийинки жылы 38 миллиард сом, ал эми 2023-жылы 47 миллиард сом багыттоо пландалууда. Белгилеп кетсек, былтыркы жылдын жыйынтыгы… Кененирээк…

Киевде эркин, грек-рим жана кыздар арасында өткөн эл аралык турнирде кыргызстандык балбандар 13 медалга ээ болушту

Киевде эркин, грек-рим жана кыздар арасында өткөн эл аралык турнирде кыргызстандык балбандар 13 медалга ээ болушту. Эл аралык күрөш федерациясынын расмий сайтында жарыялангандай, алтын байгеге Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Үзүр Жусупбеков ээ болду. Ал эми Жоламан Шаршенбеков, Назира Марсбек кызы, Айпери Медет кызы жана… Кененирээк…

Азык-түлүк жарманкеси Баткен облусунда да уюштурулат

Азык-түлүк жарманкеси Баткен облусунда да уюштурулат. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, эми арзандатылган товарлар март айында ар жума сайын жер-жерлерде сатылат. Алсак, 5-мартта Баткен шаарында азык-түлүк жарманкеси өтөт, андан калаа тургундагы эс, сүт азыктарын жана жашылчаларды дүң баада ала алышат.

Кыргызстанда акыркы суткада 31 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада 31 адам коронавирустан айыгып чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, алар Бишкек жана Чүй облусунда – 14төн, Ош облусунда – 2, Нарын облусунда – 1. Ушуну менен пандемия башталгандан бери өлкө аймагында 83 миң 210 адам вирусту жеңип чыкты.