Кыргызстан «COVID-19суз саякаттоо» санарип платформасына кошулду

Кыргызстан «COVID-19суз саякаттоо» санарип платформасына кошулду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ага Бишкектеги жана Оштогу медициналык көзөмөлдөө мекемелери кошулду. Ал эми колдонуучулар App Store же Google Play’ден «COVID-19суз саякаттоо» тиркемесин жүктөй алат. Андан тест тапшыра турган жакынкы лабораторияларды көрсө болот жана тесттин жыйынтыгы QR код түрүндө… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 59 адам ковидди жеңип чыкты

Кыргызстанда дагы 59 адам ковидди жеңип чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандар Бишкекте 17, Ошто 8, Чүйдө 23, Нарында 1, Ысык-Көл жана Баткенде 5тен. Ушуну менен өлкө боюнча пандемия башталгандан бери коронавирусту жеңип чыккандардын жалпы саны 83 миң 269 миңге жетти.

Түркия айга уча турган ракета жасоону пландап жатат

Түркия айга уча турган ракета жасоону пландап жатат. Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк жарыялагандай, Айга учуруу программасы эки баскычта — 2023 жана 2028-жылдары ишке ашырылат. Биринчи баскычта аралыктан башкарылуучу аппаратты Айдын кыртышына кондуруу каралган. Муну менен Түркия «космос тармагындагы жогорку лигага» кирүүгө умтулууда.

Францияда экс-президент Николя Саркози үч жылга эркинен ажыратылды

Францияда экс-президент Николя Саркози үч жылга эркинен ажыратылды. Ага «Коррупция» жана «Кызмат абалынан аша чабуу» беренелери боюнча айып тагылган. Париж сотунун токтомуна ылайык, экс-президент жазанын бир жылын абакта, эки жылын шарттуу түрдө өтөшү керек. Эми Саркози чечимдин үстүнөн апелляция берүүгө 10 күндүк убактысы бар. Белгилеп… Кененирээк…

Партиялар жана талапкерлер жергиликтүү шайлоого катышуудан 7-апрелге чейин баш тарта алышат

Партиялар жана талапкерлер жергиликтүү шайлоого катышуудан 7-апрелге чейин баш тарта алышат. БШКдан билдиришкендей, 22-мартка чейин, тагыраагы бюллетендердин тести жана формасы бекитилгенге дейре шайлоого катышпай турганын билдиргендерге күрөө акысы кайтарылат. Белгилеп кетсек, партиялар жана талапкерлердин шайлоо баракчасында жайгашуу ордун аныктоо боюнча чүчүкулакты Боршайком 1-апрелге чейин өткөрөт.… Кененирээк…

Facebook адамдын жүзүн таануу технологиясын колдонгондугу үчүн 650 миллион доллар айып төлөдү

Facebook адамдын жүзүн таануу технологиясын колдонгондугу үчүн 650 миллион доллар айып төлөдү. Chicago Tribune басылмасы билдиргендей, Американын Иллинойс штатынын тургундары соцтармак биометрикалык маалымат чогултуу үчүн адамды жүзүнөн таануу технологияларын колдонууда мыйзам бузган деп айыпташты. ми соттун чечимине ылайык, штаттагы сотко кайрылгандардын ар бири компенсация катары… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчүрүлөт. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн кечки саат 5ке чейин Тыныстанов, Акиев, Киев, Тимирязев, Садыгалиев, Дэн Сяопин, Месароша, Ахунбаев, Ботанический, Интергельпо, Кумарык, Элебесов, Осмонкул, Суюмбаев, Москва, Садырбаев жана Матыев көчөлөрүн бир бөлүгүндө, 9-7-кичирайондордо, «Ак-Босого», «Арча-Бешик», «Ынтымак» жана «Ала-Тоо» конуштарынын айрым тилкелеринде электр… Кененирээк…

Калкты тейлөө борборлорунда кыймылсыз мүлк жана жер объектилери боюнча маалымат бериле баштайт

Калкты тейлөө борборлорунда кыймылсыз мүлк жана жер объектилери боюнча маалымат бериле баштайт. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, 15-марттан 30-апрелге чейин республика боюнча калкты тейлөө борборлорунда жер-ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматтары көрсөтүлөт. Долбоор пилоттук режимде иштейт. Эске салсак, аталган долбоор 1-февралдан тартып ордо калаадагы калкты тейлөө борборлорунда… Кененирээк…

«Коопсуз шаар» долбоору Жалал-Абад шаарында дагы ишке кирет

«Коопсуз шаар» долбоору Жалал-Абад шаарында дагы ишке кирет. Долбоордун экинчи этабынын алкагында, шаар көчөлөрүндө 12 камера пайда болот, — дешти калаа мэриясынан. Андан тышкары, Жалал-Абад облусу боюнча 48 тилкеге жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктаган көзөмөл камерасын орнотуу пландалууда. Жабдуулардын 32си Ош — Бишкек унаа жолуна… Кененирээк…

Өкмөт мунай заттарын сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу ниетинде

Өкмөт мунай заттарын сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу ниетинде. Бийлик муну менен Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгын алдын алууну көздөп жатат. Токтом долбоор кабыл алынса, документ үч күндөн кийин күчүнө кирет. Тыюу салуунун мөөнөтү ЕАЭБдин мунай жана мунай заттары боюнча жалпы рынокторун түзгөнгө чейин уланышы… Кененирээк…