Францияда экс-президент Николя Саркози үч жылга эркинен ажыратылды.
Ага «Коррупция» жана «Кызмат абалынан аша чабуу» беренелери боюнча айып тагылган.
Париж сотунун токтомуна ылайык, экс-президент жазанын бир жылын абакта,
эки жылын шарттуу түрдө өтөшү керек. Эми Саркози чечимдин үстүнөн апелляция берүүгө
10 күндүк убактысы бар. Белгилеп кетсек, Николя Саркози Францияны 2007-2013-жылдары башкарган.