«Коопсуз шаар» долбоору Жалал-Абад шаарында дагы ишке кирет.
Долбоордун экинчи этабынын алкагында, шаар көчөлөрүндө 12 камера пайда болот, — дешти калаа мэриясынан.
Андан тышкары, Жалал-Абад облусу боюнча 48 тилкеге жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктаган
көзөмөл камерасын орнотуу пландалууда. Жабдуулардын 32си Ош — Бишкек унаа жолуна туура келсе,
4төө Жалал-Абад — Балыкчы трассасына орнотулат. Белгилеп кетсек, аталган долбоор
алгач Бишкекте, андан кийин Ошто иштеп жатат.