Республиканын калкты тейлөө борборлору 15-марттан тарта кыймылсыз мүлк жана жер объектилери боюнча маалыматты берип баштайт

Республиканын калкты тейлөө борборлору 15-марттан тарта кыймылсыз мүлк жана жер объектилери боюнча маалыматты берип баштайт.   Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, жарандар борборлорго кайрылып, объектке укугу жана чектөөлөр боюнча, техникалык мүнөздөмөлөр жана башка документтерди ала алышат.   Кошумчалап кетсек, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү боюнча жумушчу… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна катыша турган партияларга маалыматты оңдоого 48 саат берилет

Жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна катыша турган партияларга маалыматты оңдоого 48 саат берилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов билдирди.   Анын айтымында, учурда документтер текшерилип жатат. 11-мартка чейин бюллетенге кире турган партиялардын тизмеси жарыяланат. Ал эми 22-мартка чейин комиссиялар чүчү кулак тартып, саясий… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекетке ири суммада зыян келтиргени аныкталды

Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекетке ири суммада зыян келтиргени аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, министрлик ковид менен күрөшүү үчүн Дүйнөлүк банктан бөлүнгөн каражатка белгилүү дары-дармектерди сатып алышы керек болчу. Бирок процесс учурунда ал препараттар тизмеден чыгарылган. Андан тышкары, былтыр апрелде ведомство жана фармкомпания ортосунда мамлекеттик бюджеттин… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров  Казакстанга мамлекеттик иш сапар менен барды

Президент Садыр Жапаров  Казакстандын Нур-Султан шаарына мамлекеттик иш сапар менен барды. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Жапаровду аэропорттон Казакстандын вице-премьер-министри — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов тосуп алышты. Сапардын жүрүшүндө Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев… Кененирээк…

Түркияда карантиндик чектөөлөр алына баштады

Түркияда карантиндик чектөөлөр алына баштады. Президент Режеп Тайып Эрдоган жарыялагандай, 81 облус коронавирусту жуктуруп алгандардын абалына жараша категорияларга бөлүнөт. Буга жараша кооптуу жана өтө кооптуу аймактарда чектөөлөр сактала берет, ал эми жеңил жана орто категориядагы аймактарда элдин көчөгө чыгышына, ресторан, коомдук жайлардын ачылышына уруксат берилет.… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 9-апрелге чейин онлайн форматта жүргүзүлөт

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 9-апрелге чейин онлайн форматта жүргүзүлөт. Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев билдиргендей, тестирлөөгө Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун сайтында катталса болот. Ал жактан жеке кабинет ачылып берилет. ЖРТга каттоо мектепте окуган абитуриенттер үчүн окуган жайларда уюштурулуп,… Кененирээк…

Уинстон Черчилл тарткан сүрөт 11,5 миллион долларга сатылды

Уинстон Черчилл тарткан сүрөт 11,5 миллион долларга сатылды. “Кристис” аукцион үйү билдиргендей, аукциондо коюлган баштапкы баа 3,5 миллион доллар болду. Сүрөттү сатыкка Анджелина Джоли койду. «Кутубия мечитинин мунарасы» – аталышындагы сүрөт мындан 78 жыл мурда тартылган. Белгилеп кетсек, Британиянын мурдагы өкмөт башчысы Уинстон Черчилль кырк… Кененирээк…

Бишкекте 2 жылдан кийин алгачкы ирет футбол беттештери өтөт

Бишкекте 2 жылдан кийин алгачкы ирет футбол беттештери өтөт. «АФК кубогу — 2021» мелдешинин тайпалык оюндары май айында уюштурулат. Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, конфедерациянын чечимине ылайык, чүчү кулактын жыйынтыгы менен «Дордой» клубу Тажикстандын «Равшан» жана Түркмөнстандын «Ахал» клубдары менен ойнойт. Ал эми «Алай» курамасынын беттештери… Кененирээк…

2020-жылы эң көп сатылган смартфондор аныкталды

2020-жылы эң көп сатылган смартфондор аныкталды. Биринчи орунда 2019-жылы чыккан iPhone 11 жайгашат. Бул моделдин 65 миллион экземпляры сатылды, — деп билдирет RG Digital. Экинчи жана үчүнчү орундарга дагы Apple гаджеттери ээ болду, “iPhone SE 2020га” 24 миллион жана “iPhone 12ге” 23 миллион колдонуучу ээ болду. Андан кийин самсунг… Кененирээк…

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды. Ал ушул жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлөт, — дешти Мамлекеттик салык кызматынан. Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, ошондой эле дыйкан жана фермердик чарбалар декларацияны тапшырууга милдеттүү. Эске салсак,… Кененирээк…