Өкмөт мунай заттарын сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу ниетинде

Өкмөт мунай заттарын сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу ниетинде.

Бийлик муну менен Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгын алдын алууну көздөп жатат.

Токтом долбоор кабыл алынса, документ үч күндөн кийин күчүнө кирет. Тыюу салуунун мөөнөтү ЕАЭБдин мунай жана

мунай заттары боюнча жалпы рынокторун түзгөнгө чейин уланышы мүмкүн. Белгилеп кетсек, быйыл жыл башынан

тартып россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин наркын жогорулап,

литри орточо эсеп менен 14 сомго кымбаттады. Дизелдик отундун тоннасы 360 доллардан 470ке чыгып, литри 8 сомго өстү.