Партиялар жана талапкерлер жергиликтүү шайлоого катышуудан 7-апрелге чейин баш тарта алышат.
БШКдан билдиришкендей, 22-мартка чейин, тагыраагы бюллетендердин тести жана формасы
бекитилгенге дейре шайлоого катышпай турганын билдиргендерге күрөө акысы кайтарылат.
Белгилеп кетсек, партиялар жана талапкерлердин шайлоо баракчасында жайгашуу ордун
аныктоо боюнча чүчүкулакты Боршайком 1-апрелге чейин өткөрөт. Саясий уюмдарды каттоо
11-мартта аяктаса бир мандаттууларды каттоого алуу 22-мартта токтотулат.
Эске салсак, жергиликтүү кеңештерди шайлоо 11-апрелде өтөт.