Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду ишин баштады

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду ишин баштады. Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, анын башкы кеңсеси Бишкекте жайгашат. Фонддун иши модернизация, экономиканы өнүктүрүү жана мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу колдонууга багытталган.   Жеке ишкерлерге насыялар берилип,  каржылык колдоо көрсөтүлөт. Фонд энергетика, жеңил өнөр-жай, тоо-кен, туризм тармактарын өнүктүрүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга жардам берет.… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталса, кайрадан чектөөлөр киргизилет

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталса, кайрадан чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, соңку күндөрү пневмонияга кабылуу кайрадан көбөйүүдө. Бирок ал  COVID-19га тиешеси жок болушу мүмкүн.   Андыктан, адистер абалды көзөмөлдөп жатат. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи 25-апрелде өтөт

“Оскар” сыйлыгын тапёру аземи 25-апрелде өтөт. Америкалык киноакадемия «Мыкты тасма» категориясына ат салышкан тасмалардын акыркы тизмесин бекитти. Тизмеге быйыл кыш аяктаганга чейин сатыкка чыккан сегиз кинокартина илинди. Добуш берүү 15-апрелден 20сына чейин созулат.

Өзбекстан кезектеги ирет Кыргызстанга жардам берет

Өзбекстан кезектеги ирет Кыргызстанга жардам берет. Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, коңшу мамлекет биздин өлкөгө 1 миң тонна буудайдын, 500 тонна пахтанын жогорку сапаттагы үрөөнүн жана 10 миң түп мөмөлүү дарактын көчөтүн берет. Ошондой эле, өзбек тарап Кыргызстанга биргелешкен эт өндүрүү боюнча ишкана түзүү,… Кененирээк…

Бишкекте карызы бар 8,5 миң керектөөчү жарыгы жок калат

Бишкекте карызы бар 8,5 миң керектөөчү жарыгы жок калат. “Түндүкэлектр” ишканасынан билдиришкендей, өчүрүүлөр бүгүн аралыктан эле жүргүзүлөт. Бөлүштүрүүчү компаниядан белгилешкендей, жарандардын эсептегичтери электроэнергиясына төлөмдөр толук жүргүзүлгөндөн кийин кошулат. Карыздарды банк, терминал, электрондук капчык же почта бөлүмдөрүнөн төлөсө болот

Кыргызстанда дагы 49 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда дагы 49 адам коронавирустан айыгып чыкты. Сакайгандар Бишкекте – 15, Ошто – 6, Чүйдө – 9, Нарында — 3, Ысык-Көлдө – 15, Баткенде – 1, — деп билдиришти республикалык штабдан. Ушуну менен өлкө боюнча 83 миң 924 адам ковидди жеңип чыкты.  

Бишкекте 9 кабаттуу жаңы медициналык борбор курулат

Бишкекте 9 кабаттуу жаңы медициналык борбор курулат. Ордо калаадагы травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун жаңы имараты 420 орунга чакталат, — деп билдирди медициналык мекеменин жетекчиси Сабырбек Жумабеков. Анын айтымында, мекеме заманбап стилде салынып, алдыңкы жабдуулар жана техникалар менен камсыздалат. Долбоорду ишке ашырууга 9 миллион 240… Кененирээк…

Россияда Масленица – кыш узатуу майрамына карата куймактан 3,5 метрлик мунара тургузулду

Россияда Масленица – кыш узатуу майрамына карата куймактан 3,5 метрлик мунара тургузулду. Мындай рекорд өлкөдө расмий түрдө каттоого алынды. Мунараны жаратууга иш-чаранын ар бир катышуучусу өзүнүн куймагын көтөрүп келди. Анда жалпысынан 1,5 миң куймак болду. Андан тышкары, Кемеров облусундагы фестивалда бийиктиги 7 метрге жеткен кыштын… Кененирээк…

Олимпиада оту эстафетасы 25-мартта Фукусимада башталат

Олимпиада оту эстафетасы Токиодогу оюндарга чейин 25-мартта Япониянын Фукусима префектурасында башталат. Аземге көрүүчүлөр киргизилбейт. Башында иш-чарага конокторду кошкондо 3 миңге жакын адам катышмак. Эстафета 121 күнгө созулат. Күтүлгөндөй, ага дээрлик 10 миң адам катышат

Бишкектеги автобустар оңдоп-түзөөдөн өтөт

Бишкектеги автобустар оңдоп-түзөөдөн өтөт. Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, ордо калаа мэриясы бул багытта дээрлик 10 миллион сом жумшоо ниетинде. Тендерди “Жүргүнчүлөр автотранспорт” ишканасы жарыялады. Аталган суммага автобустарга тетиктерди алуу пландалууда.