Бишкекте 9 кабаттуу жаңы медициналык борбор курулат.
Ордо калаадагы травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун жаңы имараты
420 орунга чакталат, — деп билдирди медициналык мекеменин жетекчиси Сабырбек Жумабеков.
Анын айтымында, мекеме заманбап стилде салынып, алдыңкы жабдуулар жана техникалар менен камсыздалат.
Долбоорду ишке ашырууга 9 миллион 240 миң доллар багытталат,
сумманы грант түрүндө, кайтарымсыз негизде Катар өлкөсү бөлүп берди.