Түркияга кирүү эрежеси өзгөрдү

Түркияга кирүү эрежеси өзгөрдү. Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, эми 6 жаштан жогору бардык жүргүнчүлөр учакка отурганга чейин 72 саат ичинде атайын сайттагы форманы толтурушу керек. Андан кийин жүргүнчүгө HES-код берилет. Аны мобилдик тиркеме аркылуу же басып чыгарып, аэропортто жана Түркияда жашай турган мейманканага көрсөтүү зарыл.… Кененирээк…

Ордо калаанын “Ак-Өргө” конушундагы жолдор быйыл оңдолбойт

Ордо калаанын “Ак-Өргө” конушундагы жолдор быйыл оңдолбойт. Бул тууралуу мэриядан тастыкташты. “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын маалыматына ылайык, “Ак-Өргө” конушу быйыл кум, шагыл төшөлө турган тизмеге кирген жок. Муниципалитеттен белгилешкендей, эгер кошумча каражат бөлүнсө маселе каралат. Буга чейин “Ак-Өргөнүн” тургундары жолдордогу ылай-баткактарга даттанышкан, алардын айтымында жазда жана күздө… Кененирээк…

Ошто Россиянын жалпы билим берүү программасы менен мектеп курулат

Ошто Россиянын жалпы билим берүү программасы менен мектеп курулат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, Ошко Россиянын Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү келди. Делегация сапардын жүрүшүндө орус тили сабагынын мугалимдери менен жолугушту. Учурда келишимдин алкагында, мектеп курула турган жер тилкелери аныкталууда.

Вьетнам туристтерге 1-июлдан тартып ачылат

Вьетнам туристтерге 1-июлдан тартып ачылат. Туризм ассоциациясы билдиргендей, эми аталган өлкөгө жарандар паспортундагы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү деген белгини көрсөтүп эле кире алат. Чет элдик жарандарды кабыл алуу шарттары жакынкы аралыкта расмий жарыяланат. Бирок өлкө бийлиги ковиддин жайылышы токтоду деген менен Вьетнамда быйыл февралда коронавирустун… Кененирээк…

Кытай жана Монголияда катталган кумдуу бороон Кыргызстанга коркунучтуу эмес

Кытай жана Монголияда катталган кумдуу бороон Кыргызстанга коркунучтуу эмес. Метеорологдор новости.кгге билдиришкендей, аталган өлкөлөр чыгыш тарапта жайгашат, ал эми Кыргызстанга шамал түштүк-батыш тараптан согот. Тагыраагы, биздин республиканын аба-ырайы батыш өлкөлөрүнөн көз каранды. Ага дагы кошумча, Кыргызстанды тоолор коргоп турат. Белгилеп кетсек, Монголияда ылдамдыгы 34  секундага… Кененирээк…

Шардык кеңешке аттангандардын саны 12миңге жакындады

Шардык кеңешке аттангандардын саны 12миңге жакындады. Боршайкомдон билдиришкендей, жарышка аттангандар 28 шаардык кеңештеги 796 мандат үчүн ат салышууда. Тагыраагы, ар бир депутаттык орунга 14 талапкер туура келет. Шайлоого катышууну каалагандардын көбү Бишкекте, бир орунга 40 адам өзүн көрсөтсө, эң азы Көк-Жаңгак шаарында, бир орунга 5… Кененирээк…

“Шрек” мультфильмине 20 жыл толду, эми ал кайрадан көрсөтүлөт

“Шрек” мультфильмине 20 жыл толду, эми ал кайрадан көрсөтүлөт. Universal Pictures киностудиясынын картинасы алгачкы ирет 4K Ultra HD форматында америкалык кинотеатрларда кое берилет. Ал 11-майда, тагыраагы алгачкы ирет Канн кинофестивалында көрсөтүлгөн күндөн туура 20 жыл өткөндөн кийин кайрадан көрсөтүлөт. Мультфильмге 4 сааттык кошумча материалдар камтылат. Анда… Кененирээк…

Ордо калаадагы айдоочуларга эрежени сактоо сунушталат

Ордо калаадагы айдоочуларга эрежени сактоо сунушталат. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, ушул бейшемби, 18-мартка чейин “Тайгак жок” аталышындагы рейд өтөт. Аба-ырайынын шарттарынан улам авариялык абалдар көп катталууда. Андыктан, унааны ылдамдыкты жогорулатпай айдап, эрежени сактоо менен каршы тилкелерге чыкпастан, кооптуу аракеттерден алыс болуу сунушталат. Жөө жүргүнчүлөр бир… Кененирээк…