Ордо калаанын “Ак-Өргө” конушундагы жолдор быйыл оңдолбойт.
Бул тууралуу мэриядан тастыкташты. “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын маалыматына ылайык,
“Ак-Өргө” конушу быйыл кум, шагыл төшөлө турган тизмеге кирген жок. Муниципалитеттен белгилешкендей,
эгер кошумча каражат бөлүнсө маселе каралат. Буга чейин “Ак-Өргөнүн” тургундары жолдордогу
ылай-баткактарга даттанышкан, алардын айтымында жазда жана күздө көчөлөрдө басуу мүмкүн болбой калат