Түркияга кирүү эрежеси өзгөрдү

Түркияга кирүү эрежеси өзгөрдү.

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык,

эми 6 жаштан жогору бардык жүргүнчүлөр учакка отурганга чейин 72 саат ичинде

атайын сайттагы форманы толтурушу керек. Андан кийин жүргүнчүгө HES-код берилет.

Аны мобилдик тиркеме аркылуу же басып чыгарып, аэропортто жана Түркияда

жашай турган мейманканага көрсөтүү зарыл. Ал эми транзиттик жүргүнчүлөр

аэропорттун стерилизацияланган аймагынан чыкпай турган болсо,

бул форманы толтурууга милдеттүү эмес