Кытай жана Монголияда катталган кумдуу бороон Кыргызстанга коркунучтуу эмес

Кытай жана Монголияда катталган кумдуу бороон Кыргызстанга коркунучтуу эмес.

Метеорологдор новости.кгге билдиришкендей, аталган өлкөлөр чыгыш тарапта жайгашат,

ал эми Кыргызстанга шамал түштүк-батыш тараптан согот. Тагыраагы, биздин республиканын

аба-ырайы батыш өлкөлөрүнөн көз каранды. Ага дагы кошумча, Кыргызстанды тоолор коргоп турат.

Белгилеп кетсек, Монголияда ылдамдыгы 34  секундага жеткен кумдуу бороон болду,

8 провинциядан дээрлик 600 адам жоголуп, 80и дагы эле дайынсыз. Каза тапкандар да бар.

Пекинде абанын булганышы нормадан 160 эсе жогорулап, 400 аба каттамы токтотулду.

Аталган шаарларда коммуналдык кызматтар да үзгүлтүккө учурады.