УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арага жакын айылдардын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Ага чек ара суроолору боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жардам берет.
Алар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тургундары менен жолугуп, Өзбекстан менен жер алмаштуу тууралуу айтып беришет. Жолугушуулар эртең жана бүрсүгүнү Ала-Бука районунун акимиатында жана Бирлик айыл аймагынын имаратында өтөт.