Россиянын дагы төрт шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат

Россиянын дагы төрт шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу  “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Жаңы багыттар Казань Нижний Новгород, Самара жана Пермь шаарларынан аткарылат.   Бул калаалардан аба кемеси жумасына бир жолу учуп турат. Каттамдардын жүгүртмөсү аэропорттун сайтында жеткиликтүү.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” көзөмөл-өткөрүү түйүнү 1-апрелде ачылат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” көзөмөл-өткөрүү түйүнү 1-апрелде ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан бекеттен адамдар, транспорт, жүк, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлө баштайт. Өткөрүү түйүнү өткөн жылдын 1-декабрында жабылган.

Бишкекте жазгы каникулдардан кийин мектептер 3-чейректин эрежелери менен иштейт

Бишкекте жазгы каникулдардан кийин мектептер 3-чейректин эрежелери менен иштейт. Ордо калаа мэриясынын билим берүү башкармалыгынан түшүндүрүшкөндөй, салттуу форматта 1-2-3-4-5-9-11-класстын окуучулары билим алат.   Ал эми калган класстар аралыктан окуусун улантат. Чектөөлөр ошондой эле бала бакчаларга дагы тиешелүү. Аларга даярдык топторунун жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары… Кененирээк…

Ошто коронавирустан эмдөө башталды

Ошто коронавирустан эмдөө башталды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, эң биринчиден болуп вакцинаны шаардын саламаттыкты сактоо боюнча координатору, анын орун басарлары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилери алышты.   Биринчи этапта эмдөө ошондой эле билим берүү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жасалат.   Жалпысынан, Ошко кытайлык Синафарм вакцинасынын… Кененирээк…

«Түндүк электр» бүгүн 8 миң керектөөчүнүн жарыгын аралыктан өчүрөт

«Түндүк электр» бүгүн 8 миң керектөөчүнүн жарыгын аралыктан өчүрөт. Бөлүштүрүүчү компаниядан билдиришкендей, кеп, электр энергиясына карызы барлар тууралуу болуп жатат. Төлөмдөр банк, терминал, электрондук капчык жана почта бөлүмдөрүнөн кабыл алынат. Карыздарды компаниянын расмий сайтындагы «Абоненттин балансы» деген бөлүмгө кирип, текшерсе болот. Ошондой эле 1209 күнү-түнү иштөөчү чалуу… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда унаа жолго кар көчкү түштү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда унаа жолго кар көчкү түштү. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 59-чакырымында болжол менен 1 миң 800 чарчы метрди түзгөн кар массасы түшкөн. Тазалоо иштерине жергиликтүү бөлүмдөн атайын техникалар жана кызматкерлер тартылды. Жумуштар бүгүн… Кененирээк…

Индонезиянын Бандунг шаарында катуу торнадо катталды

Индонезиянын Бандунг шаарында катуу торнадо катталды. Бул тууралуу CNN Indonesia телеканалына таянып, «Известия» жазып чыкты. Табигый кырсыкка кабылган Ява аралынын батышындагы Бандунг шаарында үч миллиондой адам жашайт. Окуянын күбөлөрү тарткан видеодо катуу шамал үйлөрдүн чатырларын асманга учуруп, дарактарды сындырып кеткен. Кырсыктын натыйжасында айрым имараттар толугу… Кененирээк…

Казакстандын ири шаарларында коронавирустун үчүнчү толкуну башталды

Казакстандын ири шаарларында коронавирустун үчүнчү толкуну башталды. Учурда Алматы кыйын кырдаалды башынан кечирүүдө. Бул тууралуу аталган шаардын акими Бакытжан Сагинтаев жарыялады. Жай мезгилине салыштырмалуу бир сутка ичинде оору жуктургандар эки эсе көп катталууда. Бул коронавирустун жаңы штаммынын аныкталышы менен байланыштуу. Шаар башчысы коронавирустун жаңы штаммы… Кененирээк…

Вакцина алуунун жол-жобосу айтылды

Вакцина алуунун жол-жобосу айтылды. Коронавируска каршы эмделген жаран 3 күн дарыгердин көзөмөлүндө болот. Республикалык иммунно-профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, вакцинаны өз ыктыяры менен макулдугун берген адам гана алат. Алгач жаранга 1 жана 2-дозаны качан алары тууралуу жазылган форма берилет. Анда кайсы вакцина алынары, анын… Кененирээк…

Россия Кыргызстанга Спутник V вакцинасынын 500 миң дозасын берет

Россия Кыргызстанга Спутник V вакцинасынын 500 миң дозасын берет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Күтүлгөндөй, препарат өлкөгө майда жеткирилет. Белгилеп кетсек, эмдөө иштери бүгүн старт алды. Өлкөгө Кытайдан SinoPfarm вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Болжолдуу түрдө республика калкынын 70 пайызы вакцинациядан… Кененирээк…