Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммы катталган жок

Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммы катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарыялады. Анын айтымында, анализдин жыйынтыктары Россия жана Нидерландыга жөнөтүтөлөт.

 

Мутацияланган ковиддин үлгүсү республика аймагында жок. Өлкөдө коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн калктын 60 пайыздан ашыгын эмдөө керек, — деди Бейшеналиев.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда бүгүн вакцинация башталды. Алгач эмдөө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлөт.