Германияда эркек 4,5 ай бою эң чоң пазлды чогултууга аракет кылып, аягына чыккан жок. Баш катырма 54 миң деталдан турат. Ал иш күндөрү чогултууга күнүнө 4-5 сааттан коротсо, эс алуу күндөрү 15 сааттан коротту.
Пазл дээрлик чогулгандан кийин, бир гана деталь жетишпей жатканы белгилүү болду. Эркек үйүн толугу менен тинтип чыкса дагы, ал табылган жок.