Бишкекте 1-апрелде дагы 5 көчөнү оңдоо иштери башталат

Бишкекте 1-апрелде дагы 5 көчөнү оңдоо иштери башталат. Мэриянын маалыматына ылайык, кеп Карасаев, Логвиненко, Ак-Тилек, Култегин жана Дзержинский көчөлөрү тууралуу болуп жатат.

 

Андан тышкары, Мурас-Ордо конушунун кире бериши кайра калыбына келтирилип, Ак-Босого конушунда көпүрө курулат. 1-апрелден тарта аталган көчөлөрдө кыймылга чектөөлөр киргизилет. Оңдоо иштери кытайлык гранттын эсебинен аткарылат.