Кыргызстанда ундун баасы 1 жылда 12 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда ундун баасы 1 жылда 12 пайызга кымбаттады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө жогорку сорттогу буудай уну 48 сомдон, ал эми биринчи сорттогу 39 сомдон сатылууда. Былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу жогорку сорттогусу 13,2 пайызга, биринчи сорттогу ун 10,8 пайызга жогорулады. Комитеттен… Кененирээк…

Кыргызстандык жөө күлүктөр Мария Коробицкая менен Дарья Маслова Ташкент марафонунда алтын медаль утушту

Кыргызстандык жөө күлүктөр Мария Коробицкая менен Дарья Маслова Ташкент марафонунда алтын медаль утушту. Үчүнчү эл аралык марафон кечээ өттү. Мария Коробицкая 42 чакырым аралыкта чуркап, биринчи келсе, Дарья Маслова 21 чакырымдык жарым марафондо алгачкы болду. Дагы бир кыргызстандык жөө күлүк Гульшаной Сатарова марага үчүнчү келип,… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн саат 9дан кечки 6га чейин Целиноград, Садовой, Жибек Жолу, Чынгыз Айтматов, Руставели, Славян, Жунусалиев, 3-линия, Новая, Юдахин, Ломоносов, Маликов, Совхоз, Алыбаев, Гагарин, Термечиков, Дагестан, Айни, Табалдиев, Жаманбаев, Фучик, Профсоюз көчөлөрүн бир бөлүгүндө, Бакай-Ата жана Арча-Бешик конуштарында… Кененирээк…

Өлкөдөгү калкты тейлөө борборлорунда кызматтык жана дипломатиялык паспортторду берүү жеңилдетилет

Өлкөдөгү калкты тейлөө борборлорунда кызматтык жана дипломатиялык паспортторду берүү жеңилдетилет. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, буга чейин жумушчу долбоор бир борбордо сыноодон өттү. Операторлор документтерди даярдоо үчүн электрондук арыздарды толтурушту. Долбоор 10 айга созулуп, жакшы жыйынтык көрсөттү. Эми жаңычылдык өлкө боюнча калкты тейлөө борборлорунда жеткиликтүү болот.… Кененирээк…

Кыргызстан Өзбекстанга көмүр жеткирет

Кыргызстан Өзбекстанга көмүр жеткирет. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. Анын айтымында, өзбек тарап биздин өлкөдөн жылына 600 миң тонна көмүр импорттоо ниетинде. Көмүр казуучу 21 компаниянын тизмеси түзүлүп, алар тууралуу маалымат берилди. Учурда мүмкүнчүлүктөр, көлөм, жеткирүүнүн логистикасы жана баасы талкууланууда.

Республикадагы мектептер 25 миң компьютер менен жабдылат

Республикадагы мектептер 25 миң компьютер менен жабдылат. Заманбап техникалар 1 миң 200 мектепте пайда болот. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Накви ортосунда өткөн жолугушууда айтылды. Андан тышкары, ишке киргизилип жаткан «Мектеп медицинасы» долбоорунун алкагында билим берүү мекемелериндеги… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө бүгүн башталат

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө бүгүн башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Ош шаары менен Чүй облусундагы эмдөө түйүндөрүндө вакцина даярдалды. Биринчи этапта эмдөө тез жардамда, “кызыл зонада” иштеген, оорулуулар менен түздөн-түз байланышта болгон медицина кызматкерлерине, мугалимдер жана коргоо органдарынын өкүлдөрүнө жасалат. Күтүлгөндөй,… Кененирээк…