Бишкек — Ош жолунда аскердик унаа оодарылып, бир жоокер каза болду

Куралдуу күчтөрдүн борбордук үйүнөн өлкөнүн түштүк регионуна концерт койгону бара жаткан аскер кызматкери жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Борбордук штабдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек — Ош жолунда аскердик автоунаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Н. А. аттуу аскер кызматкери каза болуп, дагы бир жоокер колунан жаракат алган.

 

Алдын ала айтылган божомолго караганда, катаал аба ырайына байланыштуу аскердик унаанын айдоочусу руль башкара албай калган. Бул факты боюнча Аскердик прокуратурага кабар берилип, кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.