Индонезия жана ага коңшу өлкө Чыгыш Тимордо нөшөрлөп жаан жаап, жер көчтү

Индонезия жана ага коңшу өлкө Чыгыш Тимордо нөшөрлөп жаан жаап, жер көчтү.

Табыгый кырсыктан 70тен ашык адам каза тапты. Бийлик өкүлдөрү  дагы ондогон адамдын дайыны чыкпай жатканын билдирди.

Куткаруучулар Адонара аралындагы Ламенеле калктуу конушунда жер көчкүнүн алдында калган үйлөрдөн 40тай адамдын жасатын алып чыгышты.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча жергиликтүү агенттиктин башчысы Ленни Ола кеминде беш адам жаракат алганын кабарлады.

Табыгый кырсыктын кесепетерин жоюу тууралуу улуттук агенттиктин маалыматына ылайык, башка райондордо

күтүүсүз ташкындын айынан  17 адам каза таап, 42ден кем эмес киши дайынсыз жоголду.

55 адам каза тапты. Бирок бул сан дагы жогору карай өзгөрүшү мүмкүн. 42ге чукул адам дайынсыз жок деп

эсептелүүдө.” – деди агенттиктин басма сөз катчысы Радитья Джати Индонезиянын MetroTV телеканалына.

Ошол эле кезде Чыгыш Тимордо дагы 16 адам каза болгонун жергиликтүү бийлик кабарлады.

Табыгый кырсыктын кесепетинен миңдеген адам там-ташын таштап, коопсуз жерде баш калкалап жатат.

Тирүү калгандарын издөө, куткаруу иштери уланууда.

Электр жарыгы өчүп, жолдор баткакка ширелип калгандыктан куткаруу операциялары кыйындады.

Индонезияда ушул мезгилде жамгыр нөшөрлөп жаайт. Мындан улам миллиондогон калк жашаган

17 миң аралда суу ташкындап, жер көчкү жүрөт.