Соцтармактарда тарап жаткан Орозо календары туура эмес болушу мүмкүн

Соцтармактарда тарап жаткан Орозо календары туура эмес болушу мүмкүн.

Бул тууралуу мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык,

интернетте жайылып жаткан жана басылып чыгарылып, сатылып жаткан календарь

муфтият бекиткен жылнаамадан айырмаланышы ыктымал. Бул өз кезегинде орозо

кармоону үзгүлтүккө учуратат. Андыктан мусулмандарга этият болуп,

тастыкталган маалыматтарга гана ишенүү сунушталат.