Рамазан айы 13-апрелде башталат.
Токтомду аалымдар кеңеши кабыл алды. novosti.kgге мусулмандар дин
башкармалыгынан билдиришкендей, кадыр түн орозо айынын 26сынан
27-күнүнө караган түнүнө туш келет. Ал эми битир садаканын көлөмү
эртең, аймактардагы баалар аныкталгандан кийин белгилүү болот.