Ысык-Көлдүн Челпек айылында бала бакча пайдаланууга берилди.
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, объекти мындан
40 жыл мурда курулган. Калыбына келтирүү иштерине 4 миллион сом багытталды.
Имараттын эскилиги жетип калгандыктан буга чейин 50 бөбөк мектептин бир бөлүгүндө
тарбияланып келген. Эми жаңы мектепке чейинки даярдоо мекемеси
Челпек, Бурма-Суу жана Таш-Кыя айылдарынын балдарын дагы кабыл алууда.