Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар.
Бул тууралуу Кыргызгидрометтен эскертишти. Маалыматка ылайык, бүгүн, эртең күтүлүп жаткан
нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда суунун деңгээли көтөрүлүп,
суу капташы күтүлөт. Жарандарга этият болуу сунушталат.