Россия Кыргызстанга кезектеги көчмө микробиологиялык лаборатория тапшырды
Россия Кыргызстанга кезектеги көчмө микробиологиялык лаборатория тапшырды. Бул тууралуу Россиянын биздин өлкөдөгү элчилигинен билдиришти. Унаа эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди киргизүү тармагындагы жетишилген кызматташуунун алкагында тапшырылды. Лабораторияны эпидемияга каршы бригадалар колдонот.