Россиядан Кыргызстанга 1 миң тонна ун жеткирилди
Россиядан Кыргызстанга 1 миң тонна ун жеткирилди. Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жүк Ош жана Бишкек шаарларына келип түштү. Азык 5,5 миң үй-бүлөгө жана республика боюнча 78 мектептин окуучуларына багытталат. Ун биздин өлкөгө гуманитардык жардам катары берилди.