Бишкекте дарыгерге кол салуу майда бейбаштык катары катталды

Улуттук госпиталдын дарыгери Болот Таировго кол салуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралу агенттикке Биринчи май райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматы боюнча, медицина кызматкери “102” кызматына кайрылган, окуя болгон жерге ыкчам кызматкерлер барышып, жабырлануучунун арызын кабыл алышкан. Жабырлануучу ага чала… Кененирээк…

«Манас» эл аралык аэропорту Татарстан менен кызматташууну караштырууда

«Манас» эл аралык аэропорту Татарстан менен кызматташууну караштырууда. Аба майдандын басма сөз кызматынан билдиришкендей, чет өлкөлүк компаниянын өкүлдөрү аэропорттун инфраструктурасынан тышкары мобилдик байланыш жана энергетика тармагында кызматташуу жолдорун карап жатышат. Аэропорттон белгилешкендей, «Манас» аэропорту татар компаниясына 25 жылга башкарууга берилип жатат деген маалымат чындыкка дал… Кененирээк…

Жеңил унааларды импорттоо эки эсе төмөндөдү

Жеңил унааларды импорттоо эки эсе төмөндөдү. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, быйыл январь – февралда республикага 1 миң 560 машине алынып келинген. Былтыр ушул эле мөөнөттө көрсөткүч 3 миң 392ни түзгөн. Импорттоонун төмөндөшү барынан Казакстан жана Россияга туура келет. Анын ортосунда унаалардын Түштүк Кореядан импорттолушу жогорулады

Кыргызстанда былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу кумшекер 46 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу кумшекер 46 пайызга кымбаттады. Өлкөнүн кумшекерди жылдык керектөөсү 100-110 миң тоннаны түзөт. Ата мекендик өндүрүш муктаждыктын 60 пайызын гана жабат. Толук камсыздоо үчүн Россия, Белорусь, Украина жана башка өлкөлөрдөн импорттолот, — дешти монополдукка каршы агенттигинен. Товардын наркы дароо… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Кыргызгидрометтен билдиришкендей,  24-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош, Ала-Бука – Жаңы-Базар — Кировка, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Бишкек – Нарын — Торугарт, Ош — Сары-Таш — Эркештам жана Каракол — Эңилчек унаа жолдоруна кар массасы… Кененирээк…

Россияда “Өлбөс полк” акциясы быйыл дагы 9-майда онлайн форматта өтөт

Россияда “Өлбөс полк” акциясы быйыл дагы 9-майда онлайн форматта өтөт. Кыймылдын борбордук штабынан билдиришкендей, жүрүш салттуу негизде 24-июнда өткөрүлөт. Акциянын жүрүшү шаардык телеканал жана экрандарда, медиа тармактарда көрсөтүлөт. Эске салсак, былтыр пандемиядан улам жүрүш өткөрүлбөй, онлайн-форматка которулган. Анда түз алып көрсөтүү 20 күн болуп, аны… Кененирээк…

Эл аралык турнирде ийгилик жараткан спортчуларга акчалай сыйлык берилди

Эл аралык турнирде ийгилик жараткан спортчуларга акчалай сыйлык берилди. 100 миң сомдук сертификат алган спортчулардын катарында, Алматыда өткөн жумада жыйынтыкталган Азия чемпионатында алдыга озуп чыккан 7 балбан, Душанбеде жарым марафондо биринчиликке ээ болгон жеңил атлет, Москвада өткөн дүйнө кубогунда алтын алган самбист жана Бишкекте өткөн Азия,… Кененирээк…

Россияга бара турган кыргызстандыктар коронавируска ПЦР-тесттин терс натыйжасын атайын тиркемеден көрсөтүшү керек

Россияга бара турган кыргызстандыктар коронавируска ПЦР-тесттин терс натыйжасын «COVID-19 жок саякаттайм» тиркемесинен көрсөтүшү керек. Токтомду Роспотребнадзор кабыл алды, — дешти Унаа жана коммуникация министрлигинен. Эреже Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин жарандарына тиешелүү. Тест учаарга 3 күн калганга чейин тапшырылышы шарт. Тиркемени App Store же Google Play… Кененирээк…

Баткен облусундагы Айдаркен сымап комбинатынын иши жанданат

Баткен облусундагы Айдаркен сымап комбинатынын иши жанданат. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, алгач, бир катар көйгөйлөрдү чечүү маселеси турат. Алсак, суу басып калган шахтаны тазалоо, Соцфонд, газ, электр энергиясына карыздар. Комбинат шахтасынын негизги бөлүгү ишке кирсе, 1 миң адам жумуш менен камсыздалат. Учурда сымап жана… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. 25-апрелге чейин Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Өлкөнүн басымдуу аймагында нөшөрлөгөн жаан, ал эми тоолуу аймактарда кар жаайт.   Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. 21-22-апрелде Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын айрым жерлеринде -2 градуска чейин суук жүрөт.