Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. 25-апрелге чейин Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Өлкөнүн басымдуу аймагында нөшөрлөгөн жаан, ал эми тоолуу аймактарда кар жаайт.

 

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. 21-22-апрелде Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын айрым жерлеринде -2 градуска чейин суук жүрөт.