Россияга бара турган кыргызстандыктар коронавируска ПЦР-тесттин терс натыйжасын
«COVID-19 жок саякаттайм» тиркемесинен көрсөтүшү керек. Токтомду Роспотребнадзор
кабыл алды, — дешти Унаа жана коммуникация министрлигинен. Эреже Евразия
экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин жарандарына тиешелүү.
Тест учаарга 3 күн калганга чейин тапшырылышы шарт. Тиркемени
App Store же Google Play интернет-дүкөнүнөн көчүрүп алса болот.