Бишкектин айрым аймактарында 3 күнгө газ берүү токтотулат

Бишкектин айрым аймактарында 3 күнгө газ берүү токтотулат. “Газпром” ишканасынан билдиришкендей, 26-апрелден 29уна чейин Жаш Гвардия бульварында Саадаевден Тепличная көчөсүнө чейин, Киев, Токтогул, Абдрахманов, Тыныстанов көчөлөрү чектешкен аймакта, ошондой эле Репина, Султан Боромбай, Океев жана Сагындыков көчөлөрүндө көгүлтүр от жок болот. Өчүрүүлөр газ түтүктөрүн оңдоо… Кененирээк…

Баткен облусуна суу сактагыч куруу пландалууда

Баткен облусуна суу сактагыч куруу пландалууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, резервуар Лейлек районундагы Козу-Баглан суусунда пайда болот. Пландалгандай, быйыл күз айларына чейин суу сактагычтын долбоору түзүлөт. Негиздөөчүлөргө тапшырма берилди, алар… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү айтылды

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү айтылды. Экономика жана каржы министрлигинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 28-февралына карата республиканын карызы 4 миллиард 948 миллион долларды түздү. Сумманын 85 пайызы тышкы бересе болсо, калган бөлүгү ички  карыз. Белгилеп кетсек, Кыргызстан сумманын маанилүү бөлүгүн Кытайдын Эксим банкына бересе.

 Валентина Шевченко кайрадан UFC чемпиону аталды

Валентина Шевченко кайрадан UFC чемпиону аталды. Чемпиондук курдун ээсин аныктаган UFC-261 турнири бүгүн, 25-апрелде жеңил салмактагы учурдагы чемпион Валентина Шевченко менен мурунку чемпион Жессика Андраденин (бразилиялык) ортосунда болду. Муну менен Валентина чемпиондук курун бешинчи жолу коргоп калды. Биринчи жолу 2018-жылдын декабрында Йоанна Еджейчик менен болгон… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлдү

Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлдү. Мэриядан билдиришкендей, саат кечки 8ге чейин Фрунзе, Күреңкеев, Абдырахманов көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары чектешкен аймакта суу жок болот. Убактылуу чектөөлөр “Белинский” суу дарбазасында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу

Бишкектин “Фарватер” футзал клубу Кыргызстан Суперлигасынын чемпиону аталды

Бишкектин “Фарватер” футзал клубу Кыргызстан Суперлигасынын чемпиону аталды. Финалдык беттеште курама Steelex клубун 3:2 эсебинде утуп алды. Муну менен бишкектик команда тарыхта алгачкы ирет чемпиондукка жетти. Өлкө мыктысын аныктаган чечүүчү оюн Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо борборунда өттү. Ал эми «BMG INT» клубу Ысык-Көлдүн «Мурас»… Кененирээк…

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу маалы менен жабылат

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу маалы менен жабылат. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришкендей, бүгүнтөн тартып 30-апрелге чейин тилкенин 131-чакырымында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Андан улам, Боом капчыгайындагы жол саат 9дан 3кө чейин жарым-жартылай жабылып турат. Жолду тазалоо маалында… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электрден” билдиришкендей, саат 9дан кечки 6га чейин Кайназаров, Профсоюзный, Волков, Лумумба, Темиров, Васильев, Исанов, Байтик Баатыр, Буденный, Профессор Зима, Манас, Куренкеев, Элебесов, Курманджан Датка көчөлөрүндө, Эркиндик бульварында жана Жибек Жолу проспектисинде, ошондой эле Касым, Кара-Жыгач, Мурас-Ордо, Ынтымак конуштарында электроэнергиясы… Кененирээк…