Валентина Шевченко кайрадан UFC чемпиону аталды.
Чемпиондук курдун ээсин аныктаган UFC-261 турнири бүгүн, 25-апрелде жеңил салмактагы
учурдагы чемпион Валентина Шевченко менен мурунку чемпион Жессика Андраденин (бразилиялык) ортосунда болду.
Муну менен Валентина чемпиондук курун бешинчи жолу коргоп калды. Биринчи жолу
2018-жылдын декабрында Йоанна Еджейчик менен болгон беттештен кийин чемпион аталып,
андан кийин Жессика Ай, Лиз Кармуш, Кэтлин Чукагян жана Женнифер Майя жеңишти алдырган болчу.