Вакцина алуу орозону бузбайт

Вакцина алуу орозону бузбайт. Бул тууралуу мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Андан белгилешкендей, коронавируска каршы вакцина алууну каалаган мусулмандарга чектөөлөр киргизилбейт. Препараттын курамында тыюу салынган компоненттер жок. Белгилеп кетсек, учурда Ыйык Рамазан айы. Ага катар ковидге каршы эмдөө жүрүп жатат.

Глобалдык эмдөө жана иммунизация альянсы Кыргызстанга вакциналарды ташуу үчүн сегиз муздаткыч берет

Глобалдык эмдөө жана иммунизация альянсы Кыргызстанга вакциналарды ташуу үчүн сегиз муздаткыч берет. Унаа менен ташууга ыңгайлашкан жабдуулар Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине тапшырылат. Эске салсак, буга чейин аймактарга коронавирустун вакцинасын алып баруучу атайын муздаткычтар келгенден кийин башталары айтылган. Учурда коронавируска каршы эмдөө Кытайдын «Sinopharm»… Кененирээк…

Ысык-Көлдө өтө турган марафонго катышууга 20 өлкөдөн 2 миң арыз түштү

Ысык-Көлдө өтө турган ШКУнун тогузунчу эл аралык марафонуна катышууга 20 өлкөдөн 2 миң арыз түштү. Бул тууралуу Эл аралык марафон дирекциясынын башчысы Мелис Надыров билдирди. Эске салсак, аталган спорттук ири иш-чара 15-майда Чолпон-Ата шаарында өтөт. Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин толтурган спортчуларга… Кененирээк…

Айыл-чарба министрлиги өткөн жумада абанын табы кескин төмөндөгөнү түшүмгө таасирин тийгизбейт деген ниетте

Айыл-чарба министрлиги өткөн жумада абанын табы кескин төмөндөгөнү түшүмгө таасирин тийгизбейт деген ниетте. Ведомство жетекчиси Аскарбек Жаныбеков билдиргендей, жабыр тарта турган өсүмдүктөр тууралуу айта турган болсок, алардын үрөөнүнүн запасы бар, андыктан карадан эксе болот. Жүгөрүнү себүү иштери эми гана жүрүп жаткандыктан, үшүккө кабылган жок. Ал… Кененирээк…

Кыргызстанга россиялык вакцинаны сатып алууга донорлор жардам берет

Кыргызстанга россиялык вакцинаны сатып алууга донорлор жардам берет. Ислам өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча Спутник-V препаратынын 150 миң дозасын алуу пландалууда. Дүйнөлүк банк 1 миллиондон 3 миллион дозага чейинки арыздарды карайт. Андан тышкары, 500 миң дозаны сатып алууга жардам берүү билдирүүсү Азия өнүктүрүү банкына жөнөтүлдү. Банктардан… Кененирээк…

Бишкекте жана Чүй облусунда иммунизация боюнча көчмө бригадалар иштеп баштады

Бишкекте жана Чүй облусунда иммунизация боюнча көчмө бригадалар иштеп баштады. Алар калкты календарга ылайык алдын-алуу жана COVID-19га каршы эмдейт. Жалпысынан бир жума бою республика боюнча 65 мобилдик топ иштейт, — дешти саламаттыкты сактоо министрлигинен. Эске салсак, бүгүнкү күндө коронавируска каршы вакцинациядан 17 миңге жакын адам… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 146 адам коронавирусту жеңип чыкты

Кыргызстанда дагы 146 адам коронавирусту жеңип чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, вирусту жеңгендердин басымдуу бөлүгү Бишкекке, Чүй облусуна туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча пандемия катталгандан бери 88 миң 212 адам вирустан айыгып чыкты.

Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына курама команданы жөнөтүү маршруту иштелип жатат

Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына курама команданы жөнөтүү маршруту иштелип жатат. Түз каттам менен кетирүү каралууда. Бирок бардык авиакомпаниялар менен транзиттик шаарлар ачык эмес. Андан улам эң ыңгайлуу жолу тандалат, — дешти Дене тарбия жана спорт агенттигинен. Жолдомо алган спортчулар жана алардын машыктыруучулары каттоодон өтө… Кененирээк…

Кыргызстандын “Шамбала” тасмасы “Ника” сыйлыгына ээ болду

Кыргызстандын “Шамбала” тасмасы “Ника” сыйлыгына ээ болду. “Кыргызфильм” киностудиясынан билдиришкендей, Артыкпай Сүйүндүковдун картинасы “КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” номинациясын жеңип алды. Белгилеп кетсек, сыйлык Россиянын кинематографиялык искусство академиясы тарабынан ыйгарылат. “Шамбала” тасмасы Чынгыз Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасынын негизинде тартылган

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөдөгү кезексиз парламенттик шайлоого байланыштуу отставкага кетти. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» кайрылуусунда билдирди. Арменияда парламенттик шайлоо 20-июнга белгиленген. Ага чейин Пашинян өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп иштейт. Ал шайлоодо «Жарандык келишим» партиясынан премьерликке талапкер болот. Буга чейин Пашинян эгер жарандар шайлоодо… Кененирээк…