Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү айтылды.
Экономика жана каржы министрлигинен билдиришкендей,
үстүбүздөгү жылдын 28-февралына карата республиканын карызы
4 миллиард 948 миллион долларды түздү. Сумманын 85 пайызы тышкы бересе болсо,
калган бөлүгү ички карыз. Белгилеп кетсек, Кыргызстан сумманын
маанилүү бөлүгүн Кытайдын Эксим банкына бересе.