Бишкектин “Фарватер” футзал клубу Кыргызстан Суперлигасынын чемпиону аталды.
Финалдык беттеште курама Steelex клубун 3:2 эсебинде утуп алды. Муну менен бишкектик
команда тарыхта алгачкы ирет чемпиондукка жетти. Өлкө мыктысын аныктаган чечүүчү оюн
Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо борборунда өттү. Ал эми «BMG INT» клубу
Ысык-Көлдүн «Мурас» командасын 4:3 эсебинде утуп, чемпионаттын коло байгесине татыды.