Билим министрине орун басар болуп Айгүл Абдраева дайындалды

Билим берүү жана илим министринин илим боюнча орун басары болуп Айгүл Абдраева дайындалды. Министрликтен “Азаттыкка” 27-апрелде кабарлашкандай, Абдраеваны дайындоо тууралуу буйрук 1-апрелде чыккан.   Министрликте статс-катчыдан тышкары жетекчинин үч орун басары бар.   57 жаштагы Абдраева эмгек жолун 1986-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ичке-Суу… Кененирээк…

Кыргызстанда 18 миң 474 адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда 18 миң 474 адам эмдөөдөн өттү. Ал эми экинчи дозаны алгандардын саны 500гө жетпейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Вакцина алгандардын басымдуусу Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарына жана Бишкекке туура келет. Белгилеп кетсек, учурда республика боюнча 80ге жакын эмдөө түйүнү иштеп… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 203 адам сакайып чыкты

Кыргызстанда дагы 203 адам сакайып чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, айыккандар Бишкекте – 119, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 62, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 18. Ушуну менен 88 миң 415 адам ковидди жеңип чыкты.

Бишкекте эки троллейбустун каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкекте эки троллейбустун каттамы убактылуу өзгөрөт. Мэриядан билдиришкендей, Жаш Гвардия бульварында Бөкөнбаевден Лев Толстой көчөсүнө чейин “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы оңдоо иштерин жүргүзөт. Электроэнергиясын берүү токтотулат. Андан улам, аталган аймакта эртең саат 9дан кечки 4кө чейин №8, 9-троллейбустар каттамга чыкпайт. Бирок таңда жана кечки саат… Кененирээк…

Түркияда 29-апрелден 17-майга чейин локдаун киргизилет

Түркияда 29-апрелден 17-майга чейин локдаун киргизилет. Бул коронавируска байланыштуу начарлаган кырдаалдан улам. Өлкө президенти Режеп Таип Эрдоган жарыялагандай, шаар арасында поезддер уруксат берилгенде гана жүрөт. Бардык мекемелер жабылат. Зарыл кызматтар менен токтогонго болбой турган өндүрүш гана иштейт. Андан тышкары, 12-майга чейин ресторандар жана кафелер тамакты… Кененирээк…

«Тесла» компаниясынын кирешеси бир жылда 4,4 миллиард долларга көбөйдү

Компаниянын отчетуна ылайык, электр кубатын чыгаруучу «Tesla» компаниясынын кирешеси биринчи кварталда 10,4 миллиард долларды түзсө, бир жыл ичинде ал 4,4 миллиард долларга өскөн. Документке ылайык, компания жыл ичинде базарга 500 миңден ашуун автоунаа жеткирген. Биринчи кварталда 184,8 миң электр унаасы жеткирилген. Отчеттук мезгилдин ичинде бир… Кененирээк…

1-майдан тартып Батыш Казакстан облусунда кайрадан блокпосттор орнотулат

1-майдан тартып Батыш Казакстан облусунда кайрадан блокпосттор орнотулат. Аймактын башкы санитардык дарыгеринин токтомуна ылайык, блокпосттор Орол шаарына кире бериште жана COVID-19 вирусунун жайылышы боюнча “кызыл” аймакка кирген алты райондо орнотулат. Блокпосттордон ыкчам кызматтардын жумушчулары, вахта менен иштегендер, транзиттик жүргүнчүлөр, саламаттыгында маселеси бар адамдар, айыл чарба… Кененирээк…

Аламүдүн районундагы Ленин айылынын көчөлөрү жарыктандырылат

Аламүдүн районундагы Ленин айылынын көчөлөрү жарыктандырылат. Тагыраагы Алма-Ата көчөсүнө көчө чырактары орнотулат. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыялангандай, жергиликтүү башкармалык 210 жабдуу сатып алуу ниетинде. Бул максатта дээрлик 8 миллион сом сарпталат. Сынакка арыздарды кабыл алуу 17 майда аяктайт.

Кыргызстанда дээрлик 80ге жакын убактылуу эмдөө түйүнү иштеп жатат

Кыргызстанда дээрлик 80ге жакын убактылуу эмдөө түйүнү иштеп жатат. Бул тууралуу ден-соолуктуу чыңдоо борборунан билдиришти.  Чүйдө — 9, Ысык-Көлдө — 7, Жалал-Абадда – 11, Ошто – 9, Нарында – 10, Таласта – 5 жана Баткенде – 4, андан тышкары, Бишкекте – 10 жана Ош шаарында… Кененирээк…

Мамлекеттик карыз ар бир кыргызстандыкка 745,5 доллардан туура келет

Мамлекеттик карыз февралдын жыйынтыгы боюнча ар бир кыргызстандыкка 745,5 доллардан туура келет. Бересе бир айда 5 долларга азайды. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө карызы 4 миллиард 948,5 миллион долларды түзөт. Сумманын басымдуу бөлүгү тышкы, азыраагы ички карыз. Республика көбүнчө ар тармакка алынган жеңилдетилген насыяларга жана… Кененирээк…