Японияда адамдар кечиккени үчүн картасынан акча алына турган тиркеме иштелип чыкты

Японияда адамдар кечиккени үчүн картасынан акча алына турган тиркеме иштелип чыкты. Каражат картадан уктап калып же өз убагында үйүнөн чыкпаганда кемитилет. Алсак, тиркемеге адам жашаган жерин белгилеп, канчада чыга турган убактысын тандайт. Кечиккени үчүн айыптын көлөмүн жана төлөө шартын белгилейт. Тандалган убакта колдонуучу үйүнөн кеминде… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Жаңы функция ишке киргенден кийин колдонуучуларга билдирүү жөнөтүлгөндөн 24 саат өткөн соң аларды автоматтык түрдө өчүрүү мүмкүнчүлүгү сунушталат. Билдирүү жиберген адамдан жана аны алган колдонуучуда кат тазаланат. Жаңычылдык жеке жана топтук сүйлөшүүлөрдө жеткиликтүү болот. Белгилеп кетсек, учурда WhatsAppтын жөндөөлөрүнөн 7… Кененирээк…

Унаа жана жолдор министринин жаңы орун басары дайындалды

Унаа жана жолдор министринин орун басары алмашты деп билдиришти аталган ведомствонун маалымат кызматынан. Талантбек Солтобаев министрдин орун басарлык кызматынан бошотулуп, анын ордуна Нурланбек Кайынбаев дайындалган. Мындай буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Аталган министрликтеги дагы бир кадрдык өзгөрүү Жол чарба департаментинде болуп анын директору Шабданбек… Кененирээк…

Мэриянын турак жайларын саткан кызматкер 16 жылга камакка алынды

Нариман Түлеевден алынган сегиз батирди сатып ийген мэриянын мурунку кызматкери Эрик Ашыралиев 16 жылга эркинен ажыратылып, 300 миң сом айып салынды. Мындай өкүмдү Ленин райондук соту чыгарганы тууралуу маалымат Жогорку соттун сайтына жарыяланды. Сот аны Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык»), 233-беренеси («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым… Кененирээк…

Казакстанда чыгарылган коронавируска каршы вакцина менен калкты эмдөө башталды

Казакстанда чыгарылган коронавируска каршы вакцина менен калкты эмдөө башталды. QazVac вакцинасынын биринчи дозасын алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой алды. Жергиликтүү вакцинаны каалаган казакстандыктар ала алышат. Казакстанда мындай препараттын 50 миң дозасын өндүрүү пландалууда. Белгилеп кетсек, учурда коңшу өлкөдө 900 миңге жакын адам эмдөөдөн… Кененирээк…

Мамлекеттик каттоо кызматы өлкө жарандыгын алган памирлик кыргыздар үчүн 60 ID-карта чыгарды

Мамлекеттик каттоо кызматы өлкө жарандыгын алган памирлик кыргыздар үчүн 60 ID-карта чыгарды. Жайыл жана Нарын райондорунда 16 адам жеке документтерин алышты. Алар Афганистандан келген этникалык кыргыздар. Калгандарынын паспорттору жакынкы арада колдоруна берилет. Белгилеп кетсек, 106 этникалык кыргыз өлкөнүн жарандыгына кабыл алынды

Ысык-Ата районунун Кең-Булуң жана Чолпон айылдарында калкты таза суу менен камсыздоо иштери башталды

Ысык-Ата районунун Кең-Булуң жана Чолпон айылдарында калкты таза суу менен камсыздоо иштери башталды. Тагыраагы суу түтүктөрү орнотулууда. Жер алдындагы суу тармактарынын узундугу 26 чакырымдан ашат. келишимге ылайык, курулуш иштери жыл аягына чейин аякташы керек. Долбоорду ишке ашырууга 56 миллион сом багытталат. Сумма Дүйнөлүк банк жана… Кененирээк…

Бишкек мэриясы коомдук унааларда жүрүү акысын жогорулатуу боюнча  варианттарды сунуштады

Бишкек мэриясы коомдук унааларда жүрүү акысын жогорулатуу боюнча  варианттарды сунуштады. Тарифтерди көтөрүү боюнча үч вариант каралууда: биринчиси — мурдагыдай эле калтыруу, экинчиси — автобус жана троллейбустарда 11 сомго, маршруттук таксилерде — 15 сомго жогорулатуу. Үчүнчүсү — автобустарда 15 сомго, троллейбустарда 11 сомго, маршруттук таксилерде 19… Кененирээк…

Өзбекстанда көчөгө камера орноткон ишкерлер эреже бузганы үчүн айыптын 50 пайызынан бошотулат

Өзбекстанда көчөгө камера орноткон ишкерлер эреже бузганы үчүн айыптын 50 пайызынан бошотулат. Токтомду өлкө өкмөтү кабыл алды. Жабдуулар орнотула турган жердин жайгашкан дареги онлайн-аукционго коюлат. Иштерге демөөрчү боло тургандар 70 доллардан 816 долларга чейин берсе болот. Система ишке киргенден кийин бизнесмендерден бир жыл ичиндеги эреже… Кененирээк…

Нарын облусунун Бугучу айылындагы жаңы мектептин курулушу майда аяктайт

Нарын облусунун Бугучу айылындагы жаңы мектептин курулушу майда аяктайт. Архитектура жана курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, учурда 150 окуучуга чакталган объекти 95 пайызда даяр. Билим берүү мекемесинин ички жасалгасы жана айланасын көрктөндүрүү иштери аяктап жатат. Курулуштун сметалык наркы 690 миң долларды түзөт. Сумма Сауд Өнүктүрүү фондунан… Кененирээк…