Билим министрине орун басар болуп Айгүл Абдраева дайындалды

Билим берүү жана илим министринин илим боюнча орун басары болуп Айгүл Абдраева дайындалды. Министрликтен “Азаттыкка” 27-апрелде кабарлашкандай, Абдраеваны дайындоо тууралуу буйрук 1-апрелде чыккан.

 

Министрликте статс-катчыдан тышкары жетекчинин үч орун басары бар.

 

57 жаштагы Абдраева эмгек жолун 1986-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ичке-Суу айылдык мектебинде англис тил мугалими болуп баштаган. Буга чейин Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чет тилдер кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучусу болуп иштеп жаткан.

 

2020-жылдагы парламенттик шайлоого Абдраева “Мекенчил” саясий партиясынын тизмесинде 40-орундагы талапкер болуп катышкан.