Бишкекте 1-майдан тарта фонтандар иштеп баштайт

Бишкекте 1-майдан тарта фонтандар иштеп баштайт. “Тазалыктын” басма-сөз кызматынан бизге билдиришкендей, адистер суу оргумаларын толук тазалап, жаңы сезонго даярдашты.

 

Кошумчалап кетсек, ордо калаа муниципалитетинин балансында жалпысынан 16 фонтан комплекси бар. Алар шаар тургундарын кеч күзгө чейин кубандырат.