Кыргызстанда биометрикалык чет элдик паспортторго документтерди кабыл алуу 3-майда башталат

Кыргызстанда биометрикалык чет элдик паспортторго документтерди кабыл алуу 3-майда башталат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, даярдоо мөөнөтү 18 иш күнүн түзөт.   Андыктан, эгер жарандар жакын арада чет мамлекетке барууну пландап жаткан болсо, анда апрелдин аягына чейин 2006-жылкы үлгүдөгү чет элдик паспортту даярдоого арыз бериши… Кененирээк…

Жалал-Абаддын мектептери 3-майдан тарта онлайн форматка өтөт

Жалал-Абаддын мектептери 3-майдан тарта онлайн форматка өтөт. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, мындай чечимди коронавирус абалына байланыштуу ыкчам штаб кабыл алды.   9-11-класстардын окуучулары жана жеке мектептер салттуу форматта окуусун улантат. Бирок аларды адистер улам текшерип турат.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина менен 18 жаштан жогорку жарандар гана эмделет

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина менен 18 жаштан жогорку жарандар гана эмделет. Бул тууралуу novosti.kgге Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.   Андан белгилешкендей, бизде гана эмес, дүйнө боюнча вакцина жаш балдарга жасалбайт. Мындай талап препараттын негиздемесинде көрсөтүлгөн. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда ковидден эмдөө кытайлык жана россиялык препараттар менен… Кененирээк…

Кыргызстанда акыры бир күндө 2 миң 130 адам коронавируска каршы эмделди

Кыргызстанда акыры бир күндө 2 миң 130 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы 20 миң 458 адам эмделсе, анын ичинен 606сы вакцинанын экинчи дозасын алды. Аймактар боюнча алганда: — Бишкекте – 3 92… Кененирээк…

Пекин миллиардерлердин саны боюнча дүйнөдө биринчи сапка чыкты

Пекин миллиардерлердин саны боюнча дүйнөдө биринчи сапка чыкты. 100 миллиардер менен Кытай шаары 99 көрсөткүчүн кармап турган Нью-Йорктон ашып өттү. Рейтингдин кийинки саптарын Индия, Германия жана Россия ээлейт. Forbes  жарыялагандай, Пекиндеги эң бай адам — Чжен Иминь. Ал TikTok соцтармагына ээлик кылган ByteDance компаниясынын негиздөөчүсү.… Кененирээк…

Айрым калкты тейлөө борборлорунун иш графиги өзгөрдү

Айрым калкты тейлөө борборлорунун иш графиги өзгөрдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан эскертишти. Кеп, Бишкектеги Чынгыз Айтматов проспектисиндеги соода борборундагы, Жибек жолу проспектисиндеги, ЖЭБ аймагындагы жана Ош шаарындагы Ленин көчөсүндөгү борборлор тууралуу болуп жатат. Аталган мекемелер 30-апрелден тартып кечки саат 6га чейин гана иштейт. 1-2-майда… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, башкы прокурор Курманкул Зулушев Жапыкеевдин арызына кол коё элек. Азырынча отставкага кетүү чечиминин себеби белгисиз. Эске салсак, Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жетектеп келген. Бирок премьер-министр… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 243 адам ковидди жеңип чыкты

Кыргызстанда дагы 243 адам ковидди жеңип чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуусу Бишкекке, Чүй облусуна туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча пандемия катталгндан бери вирустан 88 миң 658 адам айыгып чыкты.

Каракол – Эңилчек унаа жолунун 48-чакырымына түшкөн кар көчкүнүн дээрлик жарымы тазаланып жол бир тараптуу ачылды

Каракол – Эңилчек унаа жолунун 48-чакырымына түшкөн кар көчкүнүн дээрлик жарымы тазаланып жол бир тараптуу ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аталган тилкедеги 210 миң кубометр кар массасынын 92 миң кубометри тазаланды. Иштер уланууда. Жеринде оор техникалар жана кызматкерлер иштеп жатат. Күтүлгөндөй, жол ушул жуманын аягында… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Суу районунда калкты тейлөө борбору пайда болот

Ош облусунун Кара-Суу районунда калкты тейлөө борбору пайда болот. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти. Борборду түзүүгө райондун карамагындагы «Кыргызтелеком» ишканасынын эски имараты берилди. Учурда объектиде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Күтүлгөндөй, мекеме майдын башында ачылып, жергиликтүү калкка кызмат көрсөтө баштайт